Нигерде селден 500 миңден ашуун адам жабыркады

Дүйнө Загрузка... 24 Октябрь 2025 17:55
WhatsApp Image 2025-10-24 at 17.51.32 (1).jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.10.25 /Кабар/. Быйыл Нигерде болгон катуу селден 120дан ашуун адам каза болуп, жабыркагандардын жалпы саны 550 миңге жетти. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, дээрлик 55 миң үй кыйрап, 10 миңден ашуун гектар айыл чарба жери суу алдында калган. Эң катуу жабыркаган аймактар - Доссо, Тиллабери жана Маради.

Бириккен улуттар уюму жана анын гуманитардык өнөктөштөрү Нигер өкмөтү менен бирге жабыркагандарга жардам көрсөтүп жатышат. Бирок, ресурстардын жетишсиздиги бул ишке олуттуу тоскоол болууда.

БУУ быйыл Нигерде суу ташкынына каршы күрөшүү үчүн иштелип чыккан план талап кылган 603 миллион доллардын ичинен болгону 111 миллион доллары гана каржыланганын эске салды - бул муктаждыктын бештен бир бөлүгүн да түзбөйт.