Нигерде кайык кырсыгынан 29 адам каза болду

Дүйнө 5 сентябрь 2025 10:20
Нигерде кайык кырсыгынан 29 адам каза болду

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 05.09.25 /Кабар/. Нигерде кайык кырсыгынан 29 адам каза тапты. Бул тууралуу The Guardian Nigeria басылмасына таянып Известия басылмасы билдирди.

Нигердин Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин (NSEMA) башкы директоругун айтымында, кайыктын ичинде 90 жүргүнчү болгон. Учурда дагы эки адам дайынсыз деп эсептелүүдө.

Кырсыктын болжолдуу себептери катары кайыкка ашыкча жүк жүктөлүшү же кайсы бир объектиге урунуусу мүмкүн экени айтылууда.