Непалдагы суу ташкындан каза болгондордун саны 150дөн ашты

Дүйнө 27 августа 2026 09:40
WhatsApp Image 2026-08-27 at 09.14.22.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Непалдагы суу ташкындан каза болгондордун саны 150дөн ашты. Бул тууралуу Интерфакс жазды.

Маалыматка ылайык, суу ташкынынын кесепетинен кеминде 63 адам жаракат алды.

Кырсык болгон аймакка 3300дөн ашык укук коргоо кызматкерлери тартылды.

Суу ташкынынан кийин дайынсыз жоголгондордун саны да өсүүдө. Акыркы маалыматтарга караганда, 500гө жакын турист дагы эле дайынсыз. Непалдык коопсуздук органдарынын 85 кызматкери жана энергетик, бажы жана иммиграция кызматкерлеринин 60тайы дагы дайынсыз болууда. Учурда жеринде издөө-куткаруу иштери уланып жатканы айтылды.

Бийлик келтирилген зыяндын көлөмүн баалоону улантууда.