Непалдагы ири суу ташкынынан кийинки издөө иштери токтотулат

Дүйнө 6 октябрь 2026 16:35
Непалдагы ири суу ташкынынан кийинки издөө иштери токтотулат

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Непалда тарыхтагы эң ири суу ташкынынан каза болгондорду жана дайынсыз жоголгондорду издөө иштери акырындык менен токтотулууда. Бул тууралуу ТАСС билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чечим премьер-министр Балендра Шахтын төрагалыгы алдында өткөн Табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук кеңештин жыйынында кабыл алынган.

“26-августта болгон табигый кырсыктын кесепеттерин мүмкүн болушунча тез арада жоюу үчүн колдо болгон ресурстарды жана адам күчүн мобилизациялайбыз”, — деди өкмөт башчысы.

Кеңеш суу ташкынынан жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү жана реабилитациялоо боюнча 504 долбоорду ишке ашырууга, ошондой эле табигый кырсыктарды алдын ала эскертүү системасын өнүктүрүүгө 3,6 млрд доллар бөлүүнү сунуштады.

Каражаттын негизги бөлүгү инфраструктураны калыбына келтирүүгө жумшалат. Анын ичинде электр тармагын жана жабыркаган 13 ГЭСти калыбына келтирүүгө 2,56 млрд доллардан ашык, талкаланган жолдорду жана көпүрөлөрдү оңдоого 481 млн доллардан ашык каражат каралган.

Эске салсак, 26-августта Непалдын түндүгүндө күчтүү суу ташкыны болгон. Тоо тектеринен турган агым дарыянын нугу менен 70 чакырымдан ашык аралыкты чоң ылдамдыкта басып өтүп, калктуу конуштарды талкалап, кеңири аймакты суу каптаган.

Кырсыктан 1 455 адам каза болуп, 5 285 адам дайынсыз жоголгон. Дайынсыз жоголгондордун арасында 589 чет элдик турист бар. Суу ташкыны болгон аймактан 13 795 адам куткарылган.