Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Непалдагы суу ташкынынан кийин 380ден ашуун турист дайынсыз болууда. Бул тууралуу өлкөнүн Туризм башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, туристтик компаниялардан алынган алдын ала маалымат боюнча, жабыркаган аймактарда 384 турист дайынсыз жоголгон. Алардын 291и чет өлкөлүк жарандар, 93ү Непалдын жарандары.
Дайынсыз болгондордун арасында Индиянын 100дөн ашык, Малайзиянын 17, Улуу Британиянын 12, Түштүк Африканын 4, АКШнын 3, Австралиянын 1 жана Нидерланддын 1 жараны бар. Дагы 111 адамдын жарандыгы тактала элек.
Шаршемби күнү Тибеттин тоолорунан агып түшкөн Бхоте-Коши дарыясындагы суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, Непалдын Расува округунда күчтүү сел жүргөн. Табигый кырсыктан олуттуу кыйроолор болгон.
Жергиликтүү бийлик селди болуп көрбөгөндөй кырсык катары баалады. Адистер кырсыкка мөңгү көлүнүн жарылып кетиши себеп болушу мүмкүн деген божомолду билдиришүүдө.