Бишкек, 08.12.25 /Кабар/. Немис блогери коёндордун айынан миллиондогон катталуучуларын жоготту. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.
Маалыматка караганда, быйыл август айында Германиянын Шлезвиг-Гольштейн аймагындагы жаныбарларды коргоо уюму Нордерштедт шаарынын жанындагы токойдон 4 үй коёну чуркап жүргөнү тууралуу билдирүү алышкан. Аталган уюмдун кызматкерлери коёндорду кармоого аракет кылып жатканда, алардын бирин ит жеп салган. Ал эми калган үчөө баш калкалоочу жайга жеткирилген.
Кийинчерээк бул коёндор социалдык тармактарда белгилүү болгон 27 жаштагы блогер Алисия Восграунун видеолорунда пайда болгону аныкталган. Восграу TikTok'то 1,5 миллион, Instagram'да 450 миң жана YouTube'да 230 миңден ашык катталуучуга ээ болчу. Өзүн блогер жана балдар китептеринин автору деп тааныштырган Восграу коёндорду балдар үчүн багууну токтотууну чечип, күйөөсү менен аларды токойго кое бергенин моюндаган.
Бул билдирүү коомчулуктун катуу сынына кабылып, социалдык тармактарда анын катталуучулары массалык түрдө жазылуудан баш тарта баштаган. Жаныбарлар жайгаштырылган баш калкалоочу жай полицияга арыз менен кайрылган. Учурда блогерден миңдеген евро өлчөмүндө компенсация талап кылынууда. Андан сырткары, бул иш жаныбарларга катаал мамиле катары каралып, Восграуга 25 миң еврого чейин айып пул салынышы мүмкүн.