Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Түштүк африкалык юрист жана укук коргоочу Наванетхем (Нави) Пиллайга 2026-жылдагы Нобель тынчтык сыйлыгы ыйгарылды. Бул тууралуу Азертаж кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал тынчтыкты жана эл аралык укукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн сыйланды. Пиллай эмгек жолунда адам укуктарын жана жалпыга бирдей укуктук принциптерди коргоого өзгөчө көңүл бурган. Ал апартеид мезгилинде Индиядан чыккан тамилдердин үй-бүлөсүндө Дурбан шаарында төрөлүп, өзү да басмырлоого жана расалык бөлүнүүгө туш болгон.
Ал бир кездерде Нельсон Манделаны жана апартеидге каршы чыккан башка адамдарды сотто коргогон. Кийинчерээк судья болуп иштеп, бир катар маанилүү эл аралык иштерди кароого катышкан.
Нобель тынчтык сыйлыгы алгач негизделген беш Нобель сыйлыгынын ичинен Норвегияда ыйгарылуучу жалгыз сыйлык болуп саналат. Анын лауреатын Норвегиянын Нобель комитети аныктайт.