Кролевич: ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМКлары жасалма интеллект дооруна ыңгайлашуусу керек

ШКУ Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 15:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Кыргызстандагы “Nomad TV” телеканалынын башкы редактору Наталья Кролевич ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМК жана аналитикалык борборлорунун форумунун пленардык жыйынында сүйлөп жатып, жасалма интеллекттин өнүгүшү заманбап журналистиканын иштөө принциптерин өзгөртүп жатканын жана медиа контентти даярдоодо жаңы ыкмаларды талап кыларын билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө журналисттер окуяларды ыкчам чагылдыруу менен эле чектелбестен, санариптик платформалар менен жасалма интеллект системалары маалыматты кандай кабыл алып, кандай пайдаланарын да түшүнүшү зарыл.

Кролевич объективдүү маалыматтык чөйрөнү калыптандыруу үчүн адамдар да, жасалма интеллект алгоритмдери да колдоно ала турган сапаттуу баштапкы маалымат булактарын түзүү маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, ишенимдүү контенттин жетишсиздиги маалыматтын бурмаланышына жана туура эмес чечмеленишине алып келет.

Ал маалыматты берүүнүн заманбап форматтарына да өзгөчө көңүл бурду. Кыска вертикалдуу видеолор, так түзүлгөн тексттер жана кыска, түшүнүктүү баяндоо маалыматты колдонуучуларга да, санариптик кызматтарга да ыкчам жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, Кролевич жалпыга маалымдоо каражаттарын өз маалыматтарын мүмкүн болушунча тез жарыялоого чакырды.

“Сапаттуу контент санариптик мейкиндикке канчалык эрте чыкса, кийин аны бурмалоо же чындыкка дал келбеген маалымат менен алмаштыруу ошончолук кыйын болот”, — деди ал.

Анын пикиринде, жасалма интеллект тездик менен өнүгүп жаткан азыркы шартта ишенимдүү маалыматты ыкчам жарыялоо объективдүү маалыматтык күн тартибин калыптандыруунун негизги факторлорунун бири болуп калды.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМК жана аналитикалык борборлорунун форуму биринчи жолу өтүүдө. Иш-чараны Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги менен Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги биргелешип уюштурууда.

Форумга 26 өлкөдөн 250гө жакын өкүл катышууда. Алардын арасында алдыңкы маалымат агенттиктеринин жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, аналитикалык борборлордун, илимий мекемелердин, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бар.

Форумдун темасы — “Жаңы доордогу ШКУ: өз ара түшүнүшүүдөн практикалык кызматташтыкка карай” деп аталат.

Пленардык жыйындардын жана тематикалык сессиялардын алкагында катышуучулар эл аралык маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүү, медиа чөйрөнү санариптик трансформациялоо, гуманитардык өз ара аракеттенүү жана дүйнөлүк маалымат мейкиндигиндеги заманбап чакырыктарды талкуулашууда.