Бишкек, 25.12.25 /Кабар/. Гондурастын Улуттук шайлоо кеңеши (CNE) оппозициялык Улуттук партиянын талапкери Насри Асфураны өлкөнүн президенти деп расмий жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости билдирет.
Маалыматка ылайык, CNEнин кеңешчиси Карлос Кардона билдиргендей, Насри Хуан Асфура Саблу 2026-жылдын 27-январынан 2030-жылдын 27-январына чейин созула турган төрт жылдык мөөнөткө Гондурас Республикасынын президенти болуп шайланды.
Протоколдордун 98,27 пайызы иштелип чыгып, анын жыйынтыгында Асфура 1 миллион 479 миңге жакын добуш алып, 40,27 пайыз менен алдыга чыкты. Экинчи орунда Либералдык партиянын өкүлү Сальвадор Насралла болуп, ал 39,59 пайыз добуш топтоду. Ал эми бийликтеги Libre партиясынан чыккан Рикси Монкада 19 пайыз менен үчүнчү орунду ээледи.
Шайлоонун жыйынтыктары айрым талаш-тартыштардын жана маалыматтарды берүүдө мүмкүн болгон бурмалоолор тууралуу дооматтардын фонунда жарыяланды. Бул жагдай атайын кайра эсептөөнү жана кошумча текшерүүлөрдү талап кылган. Ошол эле учурда CNE шайлоо мыйзамына ылайык, эл аралык байкоочулардын катышуусунда өткөнүн билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, Улуттук шайлоо кеңешинин расмий декларациясы жакынкы сааттарда өлкөнүн расмий басылмасы La Gacetaга жарыяланат.