Бишкек, 10.09.25 /Кабар/. НАСА октябрь айында Марста жашоо шартын текшерүү үчүн атайын эксперимент жайсайт. Бул тууралуу Риа Новости билдирет.
Маалыматта белгиленгендей, анын алкагында 4 ыктыярчы астронавт 3D-принтер менен жасалган үйдө бир жыл жашап көрүшөт. Алар ресурстар чектелген, байланыш кечигип турган, техникалык бузулуулар болгон жана обочолонгон шартта иштеп жашоого көнүшү керек болот. Ошондой эле алар “Марстагы сейилдөөлөрдү” туурап чыгышат, жашылча өстүрүшөт, илимий иштерди жана башка тапшырмаларды аткарышат.
Симуляцияга учкуч-сынакчы майор Росс Элдер, Космикалык күчтөр полковниги жана дарыгер Эллен Эллис, илимпоз жана инженер Мэттью Монтгомери, ошондой эле аэрокосмостук жана коргонуу тармагындагы техникалык директор Джеймс Спайсер катышат.
Бул эксперимент НАСА уюмуна узак мөөнөттүү космос сапарларынын адамдын ден соолугуна жана психологиясына кандай таасир этерин түшүнүүгө жардам берет. Миссия 2025-жылдын 19-октябрында башталып, 2026-жылдын 31-октябрында аяктайт.
АКШ өкмөтү болсо 2030-жылдардын башында адамдарды чыныгы Марс экспедициясына жиберүүнү пландоодо.