Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. NASA 2035-жылга чейин Айга астронавт конушун курууну пландоодо. Бул тууралуу NASA'нын башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Шон Даффи Сиднейде өткөн Эл аралык астронавтика конгрессинде билдиргенин, Интерфакс кабарлады.
Даффинин айтымында, атомдук энергия конушту энергия менен камсыз кылуу үчүн колдонулат. Салмагы 15 тоннадан ашпаган реактор 100 кВт электр энергиясын өндүрүүгө жөндөмдүү болот.
"Биз Айда адамдардын туруктуу жашоосуна шарт түзүүгө камынып жатабыз. Биз Айга бул жолу желегибизди орноткондо ошол жерде калабыз", - деди ал.
Конуш кийин астронавттарды туруктуу кабыл ала алат жана Айдын бетинен табылган материалдардан курулат. Келерки жылдын февраль айында NAСА 50 жылдан ашык убакыттан бери алгачкы жолу Айга төрт астронавт менен Аrtemis II миссиясын кое берет. Космонавттар Жердин табигый спутнигинин бетине конбойт. Артемис II миссиясы учурунда астронавттар Space Launch System ракетасын жана адамдарды Айга алып бара турган Орион космос кемесин сынашат. Экипаж Жерге кайтып келгенге чейин Айды 10 күн айланып чыгат.
Бирок NASA'ны 2027-жылдын орто ченинде Айдын түштүк уюлуна жакын жерге эки астронавтты кондурууну пландаган Артемис III миссиясынын иши олуттуу сыноону күтүп турат. Сентябрда Даффи Артемис III Айды изилдөө миссиясы астронавттардын планетада сегизден он эки күнгө чейин болушун көрөрүн билдирген. Алардын Түштүк уюлдун айланасындагы геология жана шарттар боюнча чогулткан маалыматтары Айда туруктуу базаны куруу үчүн колдонулат.