Бишкек, 21.03.26 /Кабар/. Нарын облусуна келген туристтердин саны жылдан жылга көбөйүүдө. Бул тууралуу Нарын шаарында Нооруз майрамын белгилөө учурунда айтылды.
Аймак саякатчыларды өзүнүн тоолуу жаратылышы жана таза абасы менен өзүнө тартып жатканы белгиленди.
Эң популярдуу туристтик багыттардын катарында — Соң-Көл, Чатыр-Көл, Көл-Суу, Арпа жана Ак-Сай бар.