Нарындын Куйбышев айылында кризистик борбор ачылды

Аймак 17 Сентябрь 2025 09:24
549463674_1552806189464139_4689793970045369680_n.jpg
547371547_1552806132797478_6267454213114176965_n.jpg
547316256_1552806229464135_4407585266200738814_n.jpg
547375421_1552806262797465_1137329690927311097_n.jpg
547402750_1552806176130807_1712393795265539116_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Күн мурун Нарын районунун Куйбышев айылында Жумгалбек Солтонкулов атындагы кризистик борбор ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Борбордун ачылыш аземине облус башчысынын орун басары Айдана Иманалиева катышты.

Мекеменин капиталдык оңдоо иштери Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык колдоо долбоорунун алкагында 827 миң сомго каржыланып, кызматкерлердин айлык акысы камсыздалды.

Мындан сырткары, жергиликтүү бюджеттен кошумча оңдоо жүргүзүлүп, айыл тургундары жана демөөрчүлөр да колдоо көрсөтүштү.

Кризистик борбордун негизги максаты - турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарына эрте кийлигишүү жана социалдык колдоо кызматтарын көрсөтүү болуп саналат.