Нарындын Көк-Жар айылында 120 орундуу жаңы бала бакча курулууда

Аймак Загрузка... 31 Октябрь 2025 10:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 31.10.25. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунун Көк-Жар айылында жаңы 120 орундуу бала бакча курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Долбоорго ылайык, бала бакчанын имараты эки кабаттан туруп, балдар үчүн заманбап бардык шарттар каралган.

Курулуш иштери “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүзөгө ашырылууда. Бүгүнкү күндө жер казуу иштери аяктап, пайдубалдын арматуралык каркасы даярдалып жатат.

Белгилей кетсек, объект президенттик фонддон каржыланып, курулуш иштери октябрь айында башталган.