Нарындык дарыгерлер Анкарада акысыз окуудан өтүшөт

Аймак 28 Май 2026 10:25
1.jpg
707632452_1760899768654779_2741486863189655725_n.jpg
708243911_1760899765321446_1144499872098175673_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
707632452_1760899768654779_2741486863189655725_n.jpg
708243911_1760899765321446_1144499872098175673_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 28.05.26 /Кабар/. Нарын облусунан эки дарыгер Анкарада акысыз окуудан өтүшөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Нурбек Сатаровдун Түркияга болгон жумушчу сапарынын негизги жыйынтыктарынын бири — Нарын облустук биргелешкен ооруканасынын эки дарыгеринин Анкарага акысыз окууга жөнөтүлүшү болду.

"Окуу программасынын алкагында дарыгерлер түрк медицина адистери менен тажрыйба алмашып, кесиптик билим деңгээлин жогорулатышат", - деп айтылат маалыматта.

Окууга жөнөп жаткан медицина кызматкерлери менен президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн аппаратынын Контролдоо жана инспектордук иштер башкармалыгынын башчысы Курманбек Кудайбергенов жолугушуп, мамлекет тарабынан түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланып, алынган тажрыйбаны Нарын облусундагы саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө багыттоо зарылдыгын белгиледи.