Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнүн 2 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата аталган көчөнүн 2 чакырымдан ашык бөлүгүнө бир тараптуу асфальт жабылып бүттү. Мындан тышкары, жолдун негизин даярдоо, бордюр жана лотокторду орнотуу жумуштары да кошо жүргүзүлүүдө.
Ал эми Ж. Шералиев көчөсүндө учурда кемчиликтерди жоюу жана лотокторду коюу иштери аткарылууда.
Курулуш иштеринин сапатына жана белгиленген график боюнча жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурулуп, тийиштүү көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, Ленин көчөсүнүн жалпы узундугу 9 чакырымдан ашык, ал эми Ж. Шералиев көчөсү 2,3 чакырымды түзөт.