Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Нарын шаарындагы Ак-Коргон аймагында жайгашкан Кызыл-Сарай жана Таш-Кыя жаңы конуштарында электр тармактарын жаңылоо иштери аяктады.
Нарын электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, долбоордун алкагында 35 абоненттин электр менен камсыздоо шарттары жакшыртылып, 3,5 чакырым узундуктагы жаңы аба чубалгылары тартылды. Ошондой эле заманбап талаптарга жооп берген электр мамылары орнотулду.
Мындан тышкары, аймактагы электр жүктөмүн азайтуу жана камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кубаттуулугу 630 кВА болгон жаңы трансформатор коюлду.