Нарындагы В.Чкалов мектебине кошумча имарат курулууда

Аймак 02 Сентябрь 2025 16:00
541275171_18077202440068772_8847288710196675901_n.jpg
541731871_18077202458068772_3748048754191157069_n.jpg
Алдыга
Артка
541275171_18077202440068772_8847288710196675901_n.jpg
541731871_18077202458068772_3748048754191157069_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 02.09.25 /Кабар/. Нарын шаарындагы В.Чкалов атындагы мектепке 500 орундуу кошумча имарат курулууда.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор 2023-жылдан бери ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланып келет.

Кошумча корпус “Г” формасында курулуп, заманбап үч кабатуу окуу корпусунан, өтмө галерея жана спорт залынан турат.

Маалыматта белгиленгендей, быйыл жыл аягына чейин мектепти толук бүткөрүү пландалууда.