Бишкек, 08.07.25 /Кабар/. Нарын облусундагы Салкын-Төр эс алуу жайы жаңыланат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, облус башчысы Нурбек Сатаров президенттин Иш башкармалыгынын капиталдык курулуш бөлүмүнүн жетекчиси Байэль Токтомушевге Салкын-Төр эс алуу жайы тууралуу маалымат берип, сунуштарын айтты.
Белгиленгендей, бул эс алуу жайында жакынкы күндөрү толук реконструкциялоо иштери башталат.