Нарындагы ооруканаларга 20 кызматтык унаа тапшырылды

Аймак 02 Февраль 2026 10:55
1.jpg
626802440_1635527651226370_5381487864167943141_n.jpg
626807100_1635527424559726_1438261889930805878_n.jpg
626839374_1635527054559763_2123694631898461501_n.jpg
626859825_1635527607893041_5110274671009775346_n.jpg
626930631_1635527337893068_4857268709433158280_n.jpg
627011898_1635527001226435_398520763020955810_n.jpg
627039304_1635527544559714_7026476157385216518_n.jpg
627119363_1635527461226389_4923686974116079563_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облустук медициналык мекемелерине 20 унааны белекке берди. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Камчыбек Ташиев унааларды тапшырып жатып медицина тармагы өзгөчө көңүл бурууга муктаж экенин белгилеп, элдин саламаттыгы чың болсо, өлкөнүн келечеги бекем болоорун айтты.

"Саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруп, колдоо көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз. Анткени жарандарыбыз, элибиз муктаж болгон эң негизги тармактардын бири болуп саналат. Бүгүн мына Нарын облусундагы медициналык мекемелердин автоунаага болгон муктаждыктарын жоюп, аларга керектүү унааларды белек кылып берип жатабыз. Ар бир унаа эл үчүн, алардын саламаттыгы үчүн кызмат кылышы керек! Калктын ден соолугу башкы орунда", - деди ал.

Белгилей кетсек, унаалар облустук жана райондук ооруканаларга бөлүштүрүлүп берилет. Облустук медициналык мекемелерде буга чейин кызматтык унаалардын жетишсиздиги күч болуп, калкка тез жана ыкчам жардам көрсөтүүдө кыйынчылыктар болуп келген.