Нарындагы Ленин көчөсүнүн 4,3 чакырымы толук асфальтталып бүттү

Аймак Загрузка... 10 Октябрь 2025 15:13
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнүн 4,3 чакырымы асфальтталып бүттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда калган тилкелерине асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери кызуу уланып жатат. Жеринде 70 техника жана 100дөн ашык кызматкер иш алып барууда.

Аны менен катар тротуар, бордюрларын куруу жана жарыктандыруу мамычаларын орнотууга даярдык иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, долбоорго ылайык, 4 тилкеден турган жолдун ар бир тилкеси 3,5 метр болуп, жалпы унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 14 метрди түзөт. Тротуардын кеңдиги 2,25 метр.

Ал эми Ж. Шералиев көчөсүндө тротуарды асфальттоо иштери аяктады.

Эске салсак, Ленин көчөсүнүн узундугу 9 чакырымдан ашык, ал эми Ж.Шералиев көчөсү 2,3 км түзөт.