Бишкек 08.09.25 /Кабар/. Нарындагы Ленин көчөсүнө асфальт басуу иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнө асфальт төшөө иштери башталды. Жеринде жалпы 87 техника жана 72 кызматкер иш алып барууда.
Белгилец кетсек, буга чейин Нарын шаарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүндө жүрүп жаткан курулуш иштерин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасы улантары айтылган.
Бүгүнкү күндө курулуштун сапатына жана графиктин аткарылышына өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы коюлду.
Ленин көчөсүнүн узундугу 9,5 чакырымды түзөт.