Нарындагы Калмак-Ашуусу апрель айында ачылат

Аймак 18 Апрель 2025 13:17
492010961_983718377270242_7662114282819285933_n.jpg
487558362_983718100603603_1599120910108734768_n.jpg
491392122_983717583936988_5658124550125518616_n.jpg
Алдыга
Артка
492010961_983718377270242_7662114282819285933_n.jpg
487558362_983718100603603_1599120910108734768_n.jpg
491392122_983717583936988_5658124550125518616_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 18.04.2025 /Кабар/. Нарындагы Калмак ашуусу апрель айында ачылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Учурда Сары-Булак – Соң-Көл унаа жолунун 37-42-чакырымдар аралыгында кар көчкү жана кар күрткү тазалоо иштери жүрүүдө.Жумуштар аймакты караган № 14 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат.

Тазалоо иштерине 1 даана жүктөгүч жана 1 даана манипулятор тартылган. Бүгүнкү күндө жолдун 37-чакырымында иштер уланып, апрелдин аягында каттамды ачуу аракети көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу Сары-Булак – Соң-Көл жолундагы Калмак-Ашуу ашуусу жыл сайын октябрь айынан апрелге дейре жабык болот.