Нарындагы ири социалдык курулуштарды коммуникацияга кошуу талкууланды

Аймак Жүктөлүүдө... 17 Июль 2026 09:50
748480515_2068102283782369_5476735438185173056_n.jpg
748231461_2068102257115705_784761123444602125_n.jpg
748419080_2068102223782375_513545131162167647_n.jpg
Алдыга
Артка
748480515_2068102283782369_5476735438185173056_n.jpg
748231461_2068102257115705_784761123444602125_n.jpg
748419080_2068102223782375_513545131162167647_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев шаардагы жаңы курулуп жаткан социалдык объектилерди кыдырып, аларды инженердик коммуникацияларга кошуу маселелери боюнча жеринде жыйын өткөрдү.

Мэриянын маалыматына ылайык, учурда муниципалдык коомдук мончонун, балдар оюн-зоок борборунун, ошондой эле креативдүү демилгелер, искусство, маданият жана инновация борборунун жаңы имараттарында курулуш иштери уланууда.

Кыдыруунун жүрүшүндө объектилерди электр энергиясына, жылуулук системасына жана суу түтүктөрүнө өз убагында кошуу, ошондой эле айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштерин белгиленген мөөнөттө бүткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында шаар мэри жооптуу мекеме-ишканалардын жетекчилерине иштерди сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.