Нарында жолбун иттер жок кылынууда

Аймак Загрузка... 18 Февраль 2026 12:00
636885385_1949054162353849_3049109887237883588_n.jpg
copyright icon Нарын мэриясы

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Нарын шаарында жолбун иттер атылып, атайын санитардык нормаларды сактоо менен жок кылынууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолбун ит, мышыктарды жок кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат каралып, ок дарылар алынган. Жыл ичинде 400гө чукул ит атылат.

Жолбун иттерди атуу жашоочулардын коопсуздугун камсыздоо жана айрым жугуштуу илдеттердин таралышын алдын алуу максатында аткарылып жатат.