Нарын облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 30 январь 2026 11:44
Нарын облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. Бүгүн саат эртең мененки 08:54тө Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жердин силкинүүсү Жан-Булак жана Достук айылдарында 3,5 балл, Куланак жана Миң-Булак айылдарында 3 балл, Нарын шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.