Бишкек, 16.12.25 /Кабар/. Нарын шаарында 15-декабрда башкы жаңы жылдык балатынын оту жанды.
Мэриянын маалыматы боюнча, балатынын бийиктиги 12 метр, ал эми туурасы 4 метрди түзөт. Быйылкы жылы балатыны жасалгалоого 47 миң сом жумшалган.
"Бул балатыны биз катары менен жетинчи жыл жасалгалап жатабыз, бирок жыл сайын ар башкача кооздолот", — деп билдиришти мэриядан.
Мындан тышкары, жакынкы арада 250 бала үчүн салттуу "Мэрдин балатысы" уюштурулат. Ага ата-энеси жок, майыптыгы бар балдар жана облустун аймактарынан келген алдыңкы окуучулар чакырылат.
"Мэрдин балатысы жергиликтүү бюджеттен каржыланат, аны өткөрүүгө 400 миң сом бөлүнгөн", — деп белгилешти муниципалитеттен.