Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Нарын шаарында сөөк коюу үчүн жер тартыштыгын чечүү максатында Нарын районуна караштуу Миң-Булак айыл аймагынан 5 гектар жерди көрүстөн катары пайдаланууга өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Нарын шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жаңы көрүстөн үчүн азыркы көрүстөндүн жогорку тарабындагы жайыт жерди трансформациялоо (башка категорияга өткөрүү) боюнча тиешелүү процедуралар жүрүп жатат. Ал эми учурда шаарда иштеп жаткан көрүстөндөрдө жаңы сөөк коюуга ылайыктуу жер дээрлик калбай калган.
Бул маселени жөнгө салуу үчүн Нарын райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте зарыл чаралар көрүлүүдө. Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын адистери жеринде кароо жүргүзүп, бардык иштер мыйзам талаптарына ылайык ишке ашырылып жатканы белгиленет.