Нарында уруксатсыз курал алып жүргөн жаранга 12 500 сом айып салынды

Укук тартиби 6 октябрь 2026 10:00
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Нарында уруксатсыз курал алып жүргөн жаранга 12 500 сом айып салынды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2025 аскер бөлүгүнүн чек ара кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн рейд учурунда Ак-Сай-Арпа жайлоосунун "Сөөк" участкасында жеке жаран тарабынан ок атуучу курал мыйзамда белгиленген уруксат берүүчү документтерсиз алып жүргөндүгү аныкталды.

"Аталган факты боюнча жеринде тиешелүү акт түзүлүп, жаранга жаратылышка жана анда байырлаган жапайы жаныбарларга аяр мамиле кылуунун, ошондоо эле мыйзамсыз аңчылыкка жол бербөөнүн зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, ок атуучу куралга тиешелүү уруксат берүүчү документтердин жоктугуна байланыштуу, жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык аңчылык жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 12 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды",-деп айтылат маалыматта.