Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Нарын облусунун тургундары тери иштетүүчү завод куруу өтүнүчү менен кайрылышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында депутат Жылдыз Таалайбек кызы билдирди.
Анын айтымында, облус элинин басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы менен алектенгендиктен фермерлер терилерди эмне кыларын билбей — же талаага таштап, же өрттөөгө мажбур болушууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тургундарга жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө үчүн завод курууда тазалоочу жайларды сөзсүз караш керек экенин белгиледи. Анткени, терини иштетүүдө химиялык заттар колдонулат.
"Биз Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынан чыккан малдын терилери Ысык-Ата районунда курулган заводго жөнөтүлөт деп пландап жатабыз. Ошондой эле түштүк аймакка дагы бир завод керек болот. Бизде көбүнчө терилердин сапаты төмөн болуп калат, анткени мал союуда терини туура эмес сыйрып же бузуп алышат. Ошондуктан фермерлерди бул ишке үйрөтүү зарыл", — деп кошумчалады министр.