Нарында "Түндүк-2025" мобилизациялык машыгуусу өткөрүлөт

Аймак 08 Август 2025 15:59
528552909_1236103728529725_3108046514075176171_n.jpg
528661034_1236103811863050_4967479936454305873_n.jpg
528790792_1236103701863061_1427549141686417231_n.jpg
528916723_1236103841863047_3424615903438937698_n.jpg
529252022_1236103925196372_4329492010976464419_n.jpg
529271877_1236103725196392_4062843979597103729_n.jpg
529358280_1236103838529714_7287174483663712257_n.jpg
530222703_1236103921863039_4182266971860335884_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 08.07.25 /Кабар/. 11-13-августта Нарын облусунда акимдер жана шаар мэрлери үчүн аскердик коопсуздук маселелери боюнча окуу сабактары жана "Түндүк-2025" мобилизациялык машыгуусу өткөрүлөт.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 60тан ашык райондук администрациялардын жетекчилери жана шаар мэрлери катышып, аймактык коргонуу, мобилизациялык даярдык жана өзгөчө кырдаалдардагы аракеттер боюнча теориялык жана практикалык сабактар уюштурулат.

Ошол эле күндөрү өтө турган "Түндүк-2025" аталышындагы мобилизациялык машыгуусуна аскер комиссариаттары тарабынан чакырылган резервдеги аскер кызматчылары катышып, алар үчүн теориялык сабактар жана ок атуу менен коштолгон практикалык машыгуулар уюштурулат.

Бул иш-чаралар Коргоо министрлигинин күжүрмөн даярдык планынын негизинде өткөрүлүп, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө багытталган.