Нарында согуштун ардагерин Жеңиш күнү менен куттукташты

Аймак 790 08 Май 2026 18:00
690368465_1010643538310859_3153239419749457980_n.jpg
690477715_1010643408310872_3170444342961197068_n.jpg
690585876_1010643351644211_6884133776917858343_n.jpg
690741585_1010643448310868_3760572182799656335_n.jpg
690676954_1010643488310864_5277899483382821847_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Нарын ОИИБ

Бишкек, 08.05.26. /Кабар/. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сатынды Жапаровду Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда ардагерге майрамдык белектер жана акчалай сыйлык тапшырылды.

Белгиленгендей, Сатынды Жапаров 1926-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында төрөлгөн. 1944-жылы 18 жашында Советтик Армиянын катарына чакырылып, Алматы шаарындагы №32 аткычтар дивизиясында кызмат өтөгөн. Согуш жылдарында Ленинград шаарын бошотуу операциясына катышкан.

1945-жылы салгылашуу учурунда жаракат алып, аскердик госпиталда дарылангандан кийин туулган жерине кайтып келген. Андан соң эмгек жолун улантып, 1948-жылы Фрунзе шаарындагы эт жана сүт азыктарын кайра иштетүү боюнча окуу жайын аяктаган.