Нарында шаар куруу мыйзамдарын бузган ишкерлерге эскертүү берилди

Аймак Загрузка... 16 Июль 2026 09:43
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 16.07.26 /Кабар/. Нарын облусунда шаар куруу мыйзамдарынын талаптарын аткарбаган бир катар ишкерлерге мыйзам чегинде чара көрүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, аймактагы курулуш объектилерин текшерүү иштери туруктуу негизде жүргүзүлүп келет. Көзөмөлдүн жүрүшүндө айрым объектилерде архитектуралык-долбоордук жана уруксат берүүчү документтерсиз курулуш жүргүзүлгөнү, ошондой эле имараттардын функционалдык багыты өз алдынча өзгөртүлгөнү аныкталган.

Анын негизинде төмөнкү объектилер боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, мыйзамга ылайык чаралар көрүлдү:

  • Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Манас көчөсүндө жайгашкан “Нур” эмерек дүкөнү;
  • Нарын шаарындагы Ленин көчөсү, 56-даректе жайгашкан “Датка” ашканасы;
  • Ленин көчөсү, 52/2-даректеги “Датка” мейманканасы;
  • Ленин көчөсү, 152/1-даректе жайгашкан жеңил конструкциядан курулган имарат.

Текшерүүнүн жыйынтыгында объектилердин ээлерине жана пайдалануучуларына мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу, курулуш жана шаар куруу мыйзамдарынын талаптарын так сактоо зарылдыгы эскертилди.