Нарында сел коркунучун азайтуу үчүн 10 млн сомдук долбоор ишке ашат

Аймак 113 12 Август 2026 17:45
WhatsApp Image 2026-08-12 at 14.36.56.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-12 at 14.36.56 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-12 at 14.36.57 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-12 at 14.36.57 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-12 at 14.36.57 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-12 at 14.36.57.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Нарын шаарынын мэриясы

Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Нарында сел коркунучун азайтуу үчүн 10 млн сомдук долбоор ишке ашат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Долбоорду каржылоо "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондуна сунушталган. Анын алкагында Октябрдын 60 жылдыгы, Тамчы-Булак, Чоң-Таш, Рыскулов, Оттук, Оттук-2 жана Тянь-Шань көчөлөрүндө жаан-чачын сууларын агызуучу арыктар жана лотоктор курулат. Ошондой эле суу топтолгон жерлерге өткөрүүчү шакекчелер орнотулат.

Мындан тышкары, шаарда сел коркунучун алдын алуу үчүн бир катар коктуларда таш менен толтурулган тор тосмолорду куруу пландалууда.

Мэр долбоор башталганга чейин тиешелүү көчөлөрдү атайын техника менен түздөп, иретке келтирүүнү "Таза Нарын" муниципалдык ишканасына тапшырды.