Нарында прокуратуранын эки жаңы имараты ачылды

Аймак 01 Февраль 2026 11:30
1 (4).jpeg
2 (3).jpg
4 (3).jpg
5 (3).jpg
6 (2).jpg
8 (1).jpg
9 (1).jpg
10 (1).jpg
12.jpg
13.jpg
15.jpg
16.jpg
17.jpg
18.jpg
19.jpg
20.jpg
21.jpg
22.jpg
24.jpg
26.jpg
Алдыга
Артка
1 (4).jpeg
2 (3).jpg
4 (3).jpg
5 (3).jpg
6 (2).jpg
8 (1).jpg
9 (1).jpg
10 (1).jpg
12.jpg
13.jpg
15.jpg
16.jpg
17.jpg
18.jpg
19.jpg
20.jpg
21.jpg
22.jpg
24.jpg
26.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 01.02.26 /Кабар/. Күн мурун Нарын облусунун жана Нарын районунун прокуратураларынын жаңы административдик имараттарынын ачылышы болуп өттү.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана башкы прокурор Максат Асаналиев катышты.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө бул объекттер укук коргоо системасын модернизациялоого жана аймактардагы мамлекеттик институттардын ишин жакшыртууга багытталган системалуу мамлекеттик саясаттын алкагында курулганын белгилеп, жаңы имарат прокуратура органдарынын ишинин ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн арттырарын билдирди.

Өз кезегинде Максат Асаналиев жаңы имараттар прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматкерлер үчүн тийиштүү иш шарттарын түзүүгө, ошондой эле жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Жаңыдан пайдаланууга берилген административдик имараттар заманбап талаптарга жооп берип, кызматтык бөлмөлөр, жарандарды кабыл алуу үчүн шарттар жана ишмердүүлүк жүргүзүүгө зарыл болгон бардык инфраструктура менен камсыздалган.