Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Нарын шаарында РТС аймагындагы панорамага алып барган тепкичке күн энергиясы менен иштеген заманбап чырактар орнотулду.
Нарын мэриясынын маалыматына караганда, калаа башчысы Жылдызбек Беккелдиевдин тапшырмасы менен тургундар жана шаар коноктору үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында РТС аймагындагы панорамага чыгуу үчүн жасалган тепкич жолго күн энергиясы менен иштеген 27 заманбап түнкү чырак орнотулду.
"Бул панорамага чыгуу үчүн салынган тепкичтерди куруу боюнча Нарын шаардык мэриясынын долбоору Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында 6 жарым миллион сомго каржыланды. Тепкичтин жалпы узундугу 238 метр. Ал эми күн энергиясы менен иштеген жарыктандыруу системасына 1 млн 655 миң сом каражат жумшалган",-деп айтылат маалыматта.