Нарында өнөр жай өсүп, 43 объектте курулуш жүрүүдө

Аймак Жүктөлүүдө... 03 Август 2026 14:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Нарын шаардык мэриясы

Бишкек, 03.08.26 /Кабар/. Нарын шаарында 2026-жылдын алгачкы алты айында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өсүп, бюджеттин киреше бөлүгү ашыгы менен аткарылып, ири курулуш долбоорлору ишке ашырылууда. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде шаарда 1 млрд 171,1 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, өсүү темпи 117,5 пайызды түздү.

Ошондой эле мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 107,6 пайызга аткарылып, өсүү темпи 142,7 пайыз болду. Анын ичинен республикалык бюджеттин планы 114,1 пайызга, жергиликтүү бюджеттин планы 101,3 пайызга аткарылган.

Учурда 43 объектте болжол менен 7 млрд 810,2 млн сомдук курулуш жана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

Алардын ичинен:

  • Республикалык бюджеттин эсебинен – 12 объект;
  • Турукташтыруу фондунун каржылоосу менен – 5 объект;
  • “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунун эсебинен – 4 объект;
  • Инвесторлор жана демөөрчүлөр тарабынан – 8 объект;
  • Жергиликтүү бюджет жана донорлордун колдоосу менен – 14 объект.