Нарында Ноорузга карата уюштурулган концерт жогорку деңээлде өттү – сүрөт

Маданият 22 Март 2026 10:35
1.jpg
655989447_1234151192209968_2995973827675822214_n.jpg
656535215_1234151002209987_2032702441336450610_n.jpg
655246612_1234151148876639_5867780959566391874_n.jpg
655366005_1234151028876651_3285098050460697784_n.jpg
655385223_1234150975543323_1655008255046112723_n.jpg
655982710_1234151238876630_6354394541647118517_n.jpg
656001230_1234151098876644_7195860888263085629_n.jpg
656013311_1234151132209974_6348482494876751768_n.jpg
656154822_1234151042209983_1672190063891826656_n.jpg
656637623_1234150882209999_1656731956256941656_n.jpg
656824442_1234150865543334_6891250005681255281_n.jpg
656936375_1234150938876660_2873170141123998986_n.jpg
656946281_1234151212209966_7015483573201620507_n.jpg
657323496_1234151085543312_384828158767752934_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 22.03.26. /Кабар/. Нарын шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына карата уюштурулган концерт жогорку деңгээлде өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Ага маданият министри Мирбек Мамбеталиев, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, ошондой эле президенттин Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаров катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Кечки концерттик программада белгилүү эстрада жылдыздары жана таланттуу аткаруучулар сахнага чыгып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Алардын катарында Бек Борбиев, Динара Акулова, Элзар Өскөнбаева жана башка белгилүү ырчылар, ошондой эле ERA, Каныш Нурди жана Freeman 996 сыяктуу жаш аткаруучулар өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Гала-концерт элдик жана эстрадалык чыгармалар менен коштолуп, көрүүчүлөргө унутулгус таасир калтырды.