Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Нарын шаарында Нооруз майрамын республикалык деңгээлде белгилөөнүн алкагында "Мыкты сүмөлөк" сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу демилгечи "Кыргыз биримдиги" коомдук бирикмесинен билдиришти.
Сынакка Нарын облусунун бардык райондорунан өкүлдөр катышып, бир убакта 40 казан сүмөлөк кайнатышат.
"Биз бул сынактын алкагында катаал климаттык шартта жашаган теңир-тоолуктар үчүн өнүгүү, тынчтык жана молчулук каалоолорубузду билдиребиз. Сынактын жеңүүчүсүнө 100 миң сом, экинчи орунга 50 миң сом, ал эми үчүнчү орунга 30 миң сом өлчөмүндө байге каралган", – деди бирикменин төрайымы Дана Абдыбекова.
Уюштуруучулар белгилегендей, катышуучулардын эмгеги көңүл сыртында калбайт: ар бир жамаатка 10 миңден 15 миң сомго чейин кызыктыруучу сыйлыктар берилет.
Сүмөлөк бышыруу 20-мартта Нарын шаарындагы "Тянь-Шань" паркында башталат. Салттуу жөрөлгө маданий программа жана майрамдык иш-чаралар менен коштолот.