Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Нарын облусунун милиция кызматкерлери Германиянын жараны Ханна Паулине Цвайгарттын жоголгон паспорту менен акча каражатын таап, ээсине өткөрүп беришти.
Нарын облустук милициясынан билдиришкендей, турист 19-июлда Ат-Башы районунан Нарын шаарына келе жаткан жолдо документтери менен акчасын жоготуп алганын айтып кайрылган.
Бул факты каттоого алынып, жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жоголгон буюмдар толугу менен табылып, мыйзамдуу ээсине кайтарылды.
"Жарандарды жана чет өлкөлүк туристтерди өздүк документтерине жана баалуу буюмдарына этият мамиле кылууга чакырабыз, мындай учурларда дароо ички иштер органдарына кайрылуу сунушталат",-деп айтылат маалыматта.