Нарында мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө борбордун курулушу башталды

Аймак 26 Сентябрь 2025 10:40
IMG_6963.jpeg
IMG_6962.jpeg
IMG_6961.jpeg
IMG_6960.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_6963.jpeg
IMG_6962.jpeg
IMG_6961.jpeg
IMG_6960.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Нарын шаардык мэриясы

Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. Нарын шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү борборунун 3 кабаттуу имаратын куруу башталды.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, буга чейин муниципалдык менчикти башкаруу жана архитектура өңдүү бир канча мамилекеттик тейлөө мекемелери үчүн жаңы имарат салуу үчүн 47 сотых жер аянты бөлүнүп берилген.

Калкка тейлөө көрсөтүү мекемелерине заманбап шарт түзүү максатындагы имарат “Тянь-Шань сити” турак жай комплексин куруп жаткан кытай инвесторлору тарабынан каржыланып, салынат.

Пайдубалы түптөлүп, бүгүн капсуласы салынган имараттын салынышы менен, учурда тар имараттарда жайгашкан мекемелер үчүн жетиштүү ыңгайлуулуктар жараалаарын айткан Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулу аталган имаратты курууда айланасына керектүү инфраструктура да түзүлөөрүн белгиледи.