Нарында мамлекеттик колдоо алган кооперативдердин иши текшерилди

Аймак 31 Июль 2026 09:20
WhatsApp Image 2026-07-31 at 08.40.37.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-31 at 08.40.37 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-31 at 08.40.37 (2).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-07-31 at 08.40.37.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-31 at 08.40.37 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-31 at 08.40.37 (2).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы мамлекеттик колдоо алган "Нур" жана "ЖБУ" айыл чарба кооперативдеринин ишмердүүлүгүн жеринде текшерди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик колдоонун алкагында берилген жерлердин пайдаланылышы, өндүрүш процесси жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн абалы каралды.

"Нур" кооперативи мамлекеттик колдоо менен берилген жерлерде иш жүргүзүп, "Таш-Рабат" бренди менен печенье өндүрүп, продукциясын ички рыноктон тышкары экспортко да чыгарып жатат.

Ал эми "ЖБУ" кооперативи мамлекеттик ижарадагы жерлерде үрөнчүлүк жана органикалык дыйканчылыкты өнүктүрүп, учурда буудайдын биринчи репродукциясын, ошондой эле кулпунай, капуста жана чычырканак өстүрүүдө.