Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева Кочкор районунда балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча маалыматтык кербендин II этабынын башталышына катышты.
Иш-чара Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы тарабынан "Балдарды коргоо борбору" коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулган.
Ага жалпысынан 450гө жакын окуучу жана 280 ата-эне катышты. Маалыматтык кербендин жүрүшүндө "Балдардын коопсуздугу үчүн күч-аракеттерди бириктирели" деген темада маалыматтык-агартуу иш-чаралары уюштурулду, анын алкагында:
- педагогдор, ата-энелер жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен зомбулуктун алдын алуу жана жергиликтүү деңгээлде балдарды коргоо системасын чыңдоо маселелери боюнча жолугушуулар жана талкуулар өткөрүлдү;
- позитивдүү ата-энелик боюнча практикалык сабактар уюштурулду;
- балдар менен ата-эненин ортосундагы мамилени чыңдоого багытталган психологиялык консультациялар көрсөтүлдү.
Бекитилген планга ылайык, маалыматтык кербенди өткөрүү Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарында улантылат.
Маалымат үчүн: маалыматтык кербендин I этабынын алкагында 12 жалпы билим берүүчү мектепте иш-чаралар өткөрүлдү, анын ичинде Ысык-Көл облусунда (Түп жана Жети-Өгүз райондору) – 6 мектеп, Чүй облусунда – 2 мектеп, Бишкек шаарында – 4 мектеп. Иш-чараларга 7–11-класстын 1300 окуучусу жана 620 ата-эне катышты.