Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Нарын шаарынын Ленин көчөсүнө аялдамалар орнотулуп жатат.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, учурда аталган көчөгө светофор жана башка жол белгилерин орнотуу иштери да башталды.
Мындан ташкары жаңы окуу жылына карата жол чийиндери жаңыртылып чийилип, жол белгилер коюлуп жатат.
Аялдамалар коюлгандан кийин мэрия тарабынан кошумча жасалгаланат.