Нарында Кызыл-Жылдыз каналын бетондоо иштери аяктап, суу берилди

Аймак Загрузка... 20 Май 2026 11:30
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Нарын облусундагы Кызыл-Жылдыз каналын реконструкциялоонун алкагында ички бөлүгүнө бетон полотносун төшөө иштери толугу менен аяктады.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, каналдын жалпы узундугу 2 миң 70 метрди түзөт.

Белгиленгендей, буга чейин суунун бир бөлүгү жерге сиңип, жоготуулар жаралып келсе, жаңы технологиянын жардамы менен бул көйгөй чечилди.

Эми каналдын суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү өсүп, дыйкандарга сууну үзгүлтүксүз жана өз убагында жеткирүүгө шарт түзүлдү.

"Сугат суунун жоготуусуз берилиши айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт",-деп айтылат маалыматта.