Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Нарын шаарында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин облустук өкүлчүлүгүнүн жаңы административдик имаратынын курулушу башталды.
Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага катышкан министр Нурдан Орунтаев жаңы имараттын курулушу менен кызматкерлер үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзөрүн белгиледи. Ошондой эле облус аймагында жүрүп жаткан курулуш иштерин сапаттуу координациялоого жана тургундарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган маанилүү кадам экенин белгиледи.
Долбоорго ылайык, 3 кабаттуу жаңы административдик имарат заманбап архитектуралык талаптарга ылайык курулуп, кызматкерлер жана жарандар үчүн бардык шарттар каралат. Жалпы аянты 950 чарчы метр.
Долбоорду ишке ашыруу министрликтин бекитилген планына ылайык, ички ресурстарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.