Нарында күнөскана уюштурулуп, гүл өстүрүлө баштады

Аймак 132 14 Август 2026 14:05
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Нарын шаарындагы уюштурулган күнөсканада өстүрүлгөн 30 миң түп гүл парк-скверлерге отургузулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Нарын шаардык "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын базасында күнөскана уюштурулуп, алгачкы жолу гүл көчөттөрү мекеме тарабынан өстүрүлдү.

Муну менен жыл сайын гүл көчөттөрүн сатып алууга жумшалган акча каражаты үнөмдөлдү жана көчөт өстүрүү боюнча кызматкерлер окуудан өткөрүлдү.

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев мекеменин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, кызматкерлердин маянасын көтөрүү аракеттери жүрүп жаткандыгын маалымдады.