Нарында "Керме-Тоо" мейманканасы жери менен муниципалитетке кайтарылды

Аймак 16 Март 2026 12:35
WhatsApp Image 2026-03-16 at 12.05.43.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-16 at 12.05.43 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-16 at 12.05.43 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-16 at 12.05.41.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-16 at 12.04.58.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Нарын шаарында "Керме-Тоо" мейманканасы жана ага караштуу 2,35 гектар жер аянты муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын шаардык прокуратурасынын талабынын негизинде Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын облустук башкармалыгы сотко доо арыз менен кайрылган.

Иликтөө учурунда аталган мүлктү менчиктештирүүдө Жер кодексинин, "Муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдын жана Жарандык кодекстин талаптары одоно бузулгандыгы аныкталган.

Натыйжада аталган мейманкана жер тилкеси менен муниципалдык менчикке кайтарылды.