Нарында күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык Загрузка... 12 Май 2025 14:04
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 12.05.25. /Кабар/. Бүгүн, 12-майда саат 12:38де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.

Ага ылайык, жердин силкинүүсү Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Кыя, Көк-Жар айылдарында 5 балл, Байгөнчөк, Үгүт, Ак-Талаа, Кара-Ой, Кадыралы, жана Нарын районунун Жылан-Арык, Ак-Кудук айылдарында 4 балл, Нарын районунун Учкун, Шоро, Баетов, 8-Март, Куланак жана Жумгал районунун Миң-Куш айылдарында 3,5 балл, Нарын районунун Эмгек-Талаа, Достук, Жан-Булак, Жергетал жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылдарында 3 балл, Нарын шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Учурда жер жерлеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.