Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Арпа өрөөнүндө жааган жамгыр карга айланып, кардын калыңдыгы алдын ала маалымат боюнча 15–20 сантиметрге жеткен.
ӨКМдин облустук башкармалыгынан билдиришендей, аталган кырдаалга байланыштуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Ат-Башы райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жерине жөнөп кеткен.
Ага катар Нарын облусунда жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилеринин катышуусунда ыкчам жыйын өткөрүлдү. Жыйында Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын тапшырмасына ылайык, №957 жана №20 Жол тейлөө ишканаларына, ошондой эле Казыбек жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнө Арпа жана Ак-Сай жайлоолорундагы малчыларга өз убагында жардам көрсөтүү максатында чөп жана жем жеткирүү иштерин уюштуруу милдети жүктөлдү.
Ошондой эле жол коопсуздугун камсыздоо кызматтарына Арпа аймагындагы Туз-Бел ашуусундагы жолдорго үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүү тапшырмасы берилди. Ал эми жол тейлөө ишканаларына кар жааган аймактардагы жолдорду тазалоо иштерин ыкчам жүргүзүү милдеттендирилди.
"Учурда Арпа жана Ак-Сай жайлоолоруна чөп-жем жеткирүү жана жолдорду тазалоо иштери уланууда. Абал тиешелүү кызматтардын туруктуу көзөмөлүндө турат",-деп айтылат маалыматта.